Мугалимдердин эмгек акысы бир нече жолу жогорулаган, бирок бул натыйжа алып келген жок, - Н.Жусупбекова

Билим АКИpress - Эгер мугалим татыктуу эмгек акы алса, бул билим берүү сапатына таасирин тийгизет, деп белгиледи депутат Зиядин Жамалдинов 15-мартта «Өгүгүү-Прогресс» фракциясынын жыйынында.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдиргендей, эмгек акы бир нече жолу жогорулаган, бирок бул билим берүү сапатына натыйжа алып келген жок. Ошондуктан эмгек акыны кандайдыр-бир критерийлердин негизинде көтөрүү чечими кабыл алынган.

Анын айтымында, азыр ведомство аралык жумушчу топ айлык акыны көбөйтүү боюнча бир канча варианттарды сунуштоодо. «Эмгек акынын базалык бөлүгүн карап жатабыз — мугалимге 1 сабак үчүн белгиленген акы каралган. Түрткү берүүчү фонд бар — ар бир мугалим өз эмгек акысынын базалык бөлүгүнө жетишкендиктерине жараша кошумча акча алат. Бул түрткү берүүчү фонд азыр 10%ды түзөт, биз аны биринчи этапта, жок дегенде 20%га көтөрөлү деп жатабыз», - деп айтып берди ал.

Н.Жусупбекованын сөзүнө караганда, кайсы вариант жакшы иштеп кетери боюнча анализ жүргүзүлүп жатат. «Жаңы окуу жылынын аягына чейин бардык эсеп менен бул ишти аягына чыгаруу үчүн бизге убакыт керек», - деп кошумчалап өттү ал.

Депутат З.Жамалдинов: «Эмгек акы канчалык жогорулайт?», - деп суроо берди.

«Так санды биз азырынча айта албайбыз. Бул максаттар үчүн 2019-жылы болжол менен 3 млрд сом керек. Ченемдик-укуктук актылар иштелип жатат. Каржылоо булактары издеп-табылууда», - деп билдирди Финансы министрлигинин өкүлү.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up