Чоң-Алайда окуучулар арасында «Манас таануу» таймашы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды (сүрөт)

Чоң-Алайда окуучулар арасында «Манас таануу» таймашы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Чоң-Алай районундагы мектептер ортосунда «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы өттү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу-методикалык кабинетинин башчысы Нургүл Курбанбекова билдирди.

Анын маалыматы боюнча, таймаш райондук окуу-усулдук кабинетинин усулчулары тарабынан уюштурулду.

Сынактын жыйынтыгында суроолордун көп бөлүгүнө жооп берген Н.Кармышев атындагы орто мектебинин окуучулары «Мыкты топ» деп табылды. Ал эми 1-орунга «Ак-Суу» орто мектебинин окуучулары татыктуу болушту. Бул окуучулар таймаштын облустук туруна катышууга жолдомо алышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up