Нарын шаарында окуучулар арасында «Жоокер ыры» сынагы өттү (сүрөт)

Нарын шаарында окуучулар арасында  «Жоокер ыры» сынагы өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы мектеп окуучулары арасында «Жоокер ыры» сынагы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чаранын максаты — окуучуларды эли-жерин сүйүүгө жана мекенчилдикке тарбиялоо.

Сынактын жыйынтыгында номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. «Согуш жылдарындагы ырлар» номинациясында Токтогул мектебинин окуучусу Илим Байтелиев жеңүүчү болду. «Атуулдук ырлар» номинациясын А.Буйлаш уулу атындагы орто мектебинин окуучусу Бакыт уулу Нурболот жеңди. Ошондой эле «Көркөм окуу» номинациясында №2 мектеп-гимназиясынын окуучусу Бермет Белекова жеңүүчү деп табылды.

Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up