Ысык-Көлдөгү лицейде билим берүү тармагындагы бир катар меселелер талкууланды (сүрөт)

Ысык-Көлдөгү лицейде билим берүү тармагындагы бир катар меселелер талкууланды (сүрөт)

Билим АКИpress - Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Ысык-Көл облустук билим берүү институту менен Х.Карасаев атындагы лицейи бир катар семинарларды уюштурушту. Бул тууралуу аталган лицейдин мугалими Адилет Тентиев билдирди.

Анын маалыматы боюнча, семинарга келген коноктор лицейдин ишмердүүлүгү менен да таанышышты.

Иш-чаранын максаты — Ысык-Көл облусунун райондук, шаардык билим берүү борборлорунун жетекчилеринин жана мектеп директорлорунун кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, өз ара кызматташтыкты арттыруу.

Семинарларда төмөнкү темалар боюнча талкуу жүрдү:

- «Облустук, республикалык, дүйнөлүк жана эл аралык предметтик олимпиадаларга даярдоо»;
- «Эл аралык долбоор олимпиадалары»;
- Электрондук журнал» (EduPage);
- «Профилдик окутуу системасы»;
- «ЖОЖдорго даярдоо, тапшыртуу системасы» (College, Guidance counseling);
- «Бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу»;
- «XXI кылымдын балдары — «Миллениумдун» балдары».

Коноктор лицейдин башталгыч класстары менен таанышып, аларга сый тамак уюштурулду. Андан сырткары, лицейдин директору тарабынан китептер белекке берилди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up