Нарында зордук-зомбулуктун жана кылмыштуулуктун алдын алуу иштери уланууда

Нарында зордук-зомбулуктун жана кылмыштуулуктун алдын алуу иштери уланууда

Билим АКИpress - Нарын районунун мектептеринде өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери улантылууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, облустук жана райондук прокуратура кызматкерлери билим берүү мекемелеринин кызматкерлери менен бирге айыл жерлеринде болушуп, ата-энелерге жана окуучуларга жыйындарды өткөрүп, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүп жатышат. Ошондой эле атайын роликтер көрсөтүлүп, аңгемелешүүлөр өтүүдө.

Маалыматарга караганда, райондо өспүрүмдөр арасында каракчылык, уурулук фактылары катталып жатат. Өз өмүрүнө кол салган фактылар да кездешүүдө. Өткөн жылы 3 суицид фактысы катталып, үчөө тең жарык дүйнө менен кош айтышкан. Ал эми зомбулукка кабылган бир учур катталып, залал келтирген адам өмүр бою эркинен ажыратылган.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up