Түркиядагы Маданият университетинде Нооруз майрамы белгиленди

Түркиядагы Маданият университетинде Нооруз майрамы белгиленди

Билим АКИpress - Түркиянын Маданият университетинде Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу «Кыргыз достук жана маданият» коому менен биргеликте Нооруз майрамына арналган иш-чара уюштурушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Университеттин короосуна боз үй орнотулуп, Нооруздун негизги майрамдык тамагы болгон сүмөлөк бышырылды. Ошондой эле концерттик программа уюштурулуп, ага Упелхан Сейилбекова, Эрлан Жандарбай катышты.

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу Заманбек Рысалиев куттуктоо сөздөрүн айтып, кыргыздын улуттук маданиятын, жүрүш-турушун студенттерге, конокторго көрсөтүүгө жана бул иш-чараны өткөрүүгө салым кошкон университеттин жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Майрамга университеттин ректору, профессор Эрхан Гюзел, консул З.Рысалиев, диаспора мүчөлөрү, университеттин окутуучулары, студенттер күбө болушуп, улуттук тамак-аштардан ооз тийишти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up