Кочкорлук окуучулар облустук ойлоп табуучулар сынагында 1-орунду алышты

Кочкорлук окуучулар облустук ойлоп табуучулар сынагында 1-орунду алышты

Билим АКИpress - Кочкор районунун Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулары «Биз 21-кылымдын интеллектуалдарыбыз» аттуу облустук кароо-сынактан ийгиликтүү кайтышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча мугалими Эркин Жапаркулова билдирди.

Маалым болгондой, Нарын шаарында өткөн облустук сынакта аталган мектеп-гимназиянын 9-классынын окуучулары — Али Табылды уулу, Бекжен Рысбеков, Бексултан Кулмамбетов бир команда болуп катышып, «Робот техникалары жана автоматташтырылган технология» номинациясы боюнча 1-орунду жеңип кайтышты. Ошондой эле Али Табылды уулуна 1-орун ыйгарылып, 1-даражадагы грамота менен сыйланды.

Аталган окуучулар азыркы учурга ылайыктуу жол тандабас танканын, шаркыратманын, экскаватор-гидродинамиканын, тренажер-учкучтардын макетин жасап барышкан. Танка тоодо, сууда, чөлдө жүрүп, жүк ташый ала тургандыгы менен айырмаланат.

Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынан барган командага 1-даражадагы диплом, даярдаган мугалими Айчүрөк Жусупбековага ардак грамота тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up