Кара-Бууранын Бакыян айылындагы мектепте 330 окуучуга ысык тамак берилет (видео, сүрөт)

Кара-Бууранын Бакыян айылындагы мектепте 330 окуучуга ысык тамак берилет (видео, сүрөт)

Билим АКИpress - Кара-Буура районунун Бакыян айылынын Эшенаалы уулу Сейитбек атындагы орто мектебинде Эл аралык тамактануу күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин директору Назира Сүйөркулова билдирди.

Анын айтымында, мектепте башталгыч класстардын 330 окуучусу ысык тамак менен камсыз болгон.

«Биздин мектепте Эл аралык тамактануу күнү белгиленди. Мектептин ашканасында тамак-ашка керектүү жабдыктар бар. Шарт түзүлгөн. Бүгүнкү күндө 3 ашпозчу балдарга ысык тамак даярдашат. Ошондой эле окуучулардын тамактануусун жакшыртуу максатында мектептин өздүк чарбасынын 2 га жерине кара өрүктүн көчөтү отургузулган.

Иш-чаранын алкагында окуучулар менен ата-энелерге «Тамактануу адеби», «Туура тармактануу – ден соолукка өбөлгө», «Байытылган ун – балдарга баалуу азык», «Тамак-аш коопсуздугу», «Гигиена аркылуу ден соолукка» деген темаларда класстык сааттар өтүлдү. Анда окуучулар күнүмдүк мектептен ичип жаткан тамактары тууралуу айтып беришти. Андан соң окуучуларга тамактануу боюнча слайд көрсөтүп, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк», - дейт мектеп директору Н.Сүйөркулова.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up