Ак-талаалык окуучу А.Асанбаев облустук «Жоокер ыры» сынагында жеңүүчү болду

Ак-талаалык окуучу А.Асанбаев облустук «Жоокер ыры» сынагында жеңүүчү болду

Билим АКИpress - Нарын шаарынын Ж.Шералиев атындагы искусство мектебинде «Жоокер ыры» облустук кароо-сынагы өтүп, Арнус Асанбаев «Атуулдук ырлар» номинациясында 1-орунду ээледи. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, сынакты Нарын облустук усулдук билим борбору жана Нарын шаардык бириккен аскер комиссариаты өткөрдү. Иш-чарага облус аймактарынан жана Тогуз-Торо районунан келген окучулар өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Арнус Асанбаевге калыстардын чечими менен 1-даражадагы диплом тапшырылып, республикалык «Жоокер ыры» сынагына катышууга жолдомо берилди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up