Ак-Талаадагы 2 мектепте «Жаз периси» аттуу сулуулук сынагы өттү (сүрөт)

Ак-Талаадагы 2 мектепте «Жаз периси» аттуу сулуулук сынагы өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кайыңды-Булак айылындагы Б.Мүсүралиева атындагы орто мектебинде окуучу кыздар арасында сынак өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган мектептин директору Талант Саягалиев билдирди.

Маалым болгондой, сынак аталган мектептин парламентинин жетекчиси Аманбек кызы Айдай тарабынан демилгеленип, ага 5-6-7-8-9-класстардын окуучу кыздары катышты.

Иш-чарада катышуучулар кыргыз элдик ырлары, бийлери, улуттук кийимдери, кол өнөрчүлүгү жана көркөм окуулары боюнча өнөрлөрүн көрсөтүштү. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, кызыктыруучу белектер жана грамоталар тапшырылды.

Ошондой эле Ак-Талаа районунун Үгүт айылындагы М.Баетов атындагы орто мектебинде да «Жаз периси-2019» сынагы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Бегайым Жүзманбетова билдирди.

Сынак мектептеги кыздар уюмунун жетекчиси Б.Жүзманбетова тарабынан уюштурулуп, ага 7-8-9-10-класстардын окуучу кыздары катышкан. Катышуучулар «Саламдашуу», «Жан дүйнө сулуулугу», «Жарашыктуу кийинүү», «Сөздүн көркү — макал», «Даңазалуу аялзатынын образын чагылдыруу», Практикалык иш» жана «Калыстар берген суроого жооп берүү» тапшырмаларын аткарышты.

Сынактын жыйынтыгында, «Жаз периси-2019» деп Айтурган Аскарова табылды. Ал сынактын райондук туруна катышууга жолдомо алды. Ал эми «Жылдыздуу кыз» номинациясына Элиза Абдижалиева, «Өнөрлүү кыз» номинациясына Замирбек кызы Мээрим жана «Акылдуу кыз» номинациясына Адина Курманбаева ээ болушту.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up