Аравандык окуучулар эркин күрөш боюнча таймашта күч сынашты (сүрөт, видео)

Аравандык окуучулар эркин күрөш боюнча таймашта күч сынашты (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - Араван районундагы мектептердин окуучулары арасында эркин күрөш боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Нургазы Мирзаев маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, мелдеш Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата «Спорттуу Кыргызстан» программасынын алкагында уюштурулуп, Э.Кебекбаев атындагы №47 негизги мектебинин спорт залында өттү. Иш-чарага райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Н.Мирзаев жана жана окуу-усулдук кабинетинин усулчусу Ю.Рахимкулов катышты.

Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Гүлжигитов белектерди ыйгарды.

Катышуучулар иш-чараны уюштурган мектептин директору Т.Качыбаевге, дене тарбия мугалими М.Абдувалиевге ыраазычылык билдиришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up