Кеминдеги мектепте гимндин обонун жараткан композитор Н.Давлесовдун 90 жылдыгы белгиленди (сүрөт, видео)

Кеминдеги мектепте гимндин обонун жараткан композитор Н.Давлесовдун 90 жылдыгы белгиленди (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - Кемин районунун Н.Давлесов атындагы №3 орто мектебинде 14-мартта композитор Насыр Давлесовдун 90 жылдыгына арналган «Өрнөктүү өмүр» аттуу мааракелик кече өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Асылкүл Мурзалиева билдирди.

Анын айтымында, иш-чаранын жүрүшүндө улуттук маданият айдыңында алтын казыктай жанган жылдыз, улуу композитор, дирижер, Кемин районунун кулуну жөнүндө көркөм окуулар айтылып, өмүр таржымалы туурасындагы көркөм тасма көрсөтүлдү. Ошондой эле окуучулардын аткаруучулук чеберчилиги менен даярдалган сахналаштырылган көрүнүштөр, Насыр Давлесовдун обонунан жаралган хор, ырлар аткарылды.

«Бул мектеп музыка дүйнөсүнүн залкары Насыр Давлесовдун ысымын алып жүрөт. Ата журт, эмгек тематикасы композитордун жүрөгүн уялаган. Анын советтик жаштардын кажыбас кайратын, эмгек күжүрмөндүгүн, бири-бирине болгон тунук сезимин даңазалаган чыгармалары окуучулар жана мугалимдер тарабынан сыймыктануу менен аткарылды. Мектептин музыка мугалими Ширин Кадырова Насыр Давлесовдун тамашалуу ырларын, балдарга арналган ырларын, хорлорду окуучулар менен бирге аткарды. Музыка дүйнөсүнүн баба дыйканы Н.Давлесовдун балдарга арналган ырлары жаш жеткинчектердин жан дүйнөсүн таасирлентет. Өзгөчө, «Аста-секин колукту» аттуу комедиясын Ш.Кадырова менен ата-энелер мыкты аткарышты. Н.Давлесовдун чыгармачылыгынын бийиктигинин далили — анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин обонун жаратканы. Окуучулар гимнди сыймыктануу менен ырдашты.

Аталган мектепте буга чейин Н.Давлесовго арналган музей уюштурулган. Н.Давлесовдун 90 жылдык мааракесине карата музейди кайрадан жаңыртуу иштери жүргүзүлдү», - дейт А.Мурзалиева.

Иш-чарага Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин орун басары Айгүл Курманалиева, Кемин раймамадминистрациянын социалдык саясат секторунун башчысы Канат Дастан уулу жана Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси катышты. Иш-чаранын соңунда куран окутулуп, педагогикалык жамаатка жана окуучуларга жылуу тилектер айтылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up