Токмок шаарындагы театр-фестивалда №9 мектеп 1-орунду жеңди (сүрөт)

Токмок шаарындагы театр-фестивалда №9 мектеп 1-орунду жеңди (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Токмок шаарында театр-фестиваль өтүп, анын жыйынтыгында шаардык Ч.Айтматов атындагы №9 орто мектеп 1-орунду жеңди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин мугалими Асел Мамытова билдирди.

Анын айтымында, бул фестиваль-сынакка Токмок шаарындагы бардык мектептер катышты. «Биздин мектептеги театр ийриминин окуучулары менен биргеликте «Эр-Тѳштүк» кичи эпосунан үзүндү аткардык. Фестиваль Токмок шаардык билим берүү бѳлүмү тарабынан уюштурулган», - деди ал.

Фестивалда алдыңкы орундарды ээлеген катышуучуларга ардак баракчалар тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up