Токмоктогу №9 мектептин театр ийрими отчеттук концертин берди

Токмоктогу №9 мектептин театр ийрими отчеттук концертин берди

Билим АКИpress - Чүй облусунун Токмок шаарындагы Ч.Айтматов атындагы №9 орто мектептин театр ийрими отчеттук концертин берди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган ийримдин жетекчиси Асел Маамытова билдирди.

«Биз ѳткѳн жылдын октябрь айында мектептеги шыктуу окуучуларды топтоп, ийрим ачканбыз. Ошондон бери ийримдеги окуучулар ар кандай майрамдарга, иш-чараларга калбай катышып келе жатышат. Алсак, буга чейин Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Ак кеме» чыгармасынан үзүндү аткарганбыз», - деди ал.

Мектептин театр ийримине 25 окуучу катышат. Ал эми Асел Маамытова буга чейин «Апамдын махабаты» тасмасында Салиянын, «Эркектер» тасмасында Айнаштын ролун жараткан. Ошондой эле театрда да ѳз ѳнѳрүн тартуулап келген.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up