Лебединовкадагы мектеп-гимназиянын окуучуларына диний экстремизм жана терроризм тууралуу маалымат берилди (сүрөт)

Лебединовкадагы мектеп-гимназиянын окуучуларына диний экстремизм жана терроризм тууралуу маалымат берилди (сүрөт)

Билим АКИpress - Аламүдүн районунун №1 Лебединовка мектеп-гимназиясында 14-мартта диний экстремизмди жана терроризмди, расалык басмырлоону алдын алуу, балдарга жана жашы жете электерге карата зордук-зомбулукту болтурбоо, ошондой эле улуттар аралык ынтымакты бекемдөө максатында жолугушуу уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, жолугушуу учурунда диний экстремизмдин жана терроризмдин пайда болушу, анын карапайым элге, өзгөчө, жаштарга тийгизген терс таасирлери, андан келип чыккан келишпестиктер жөнүндө талкуу жүрдү. Дүйнөдөгү жана өлкөдөгү диний абал тууралуу так маалыматтар берилип, окуучулар бир катар суроолоруна жооп ала алышты.

Жыйынга Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын адиси, ички иштер бөлүмүнүн 10-башкармалыгынын кызматкери, Улуттук коопсуздук комитетинин тиешелүү кызматкери, райондук жана жергиликтүү мечиттердин имамдары, жогорку класстын окуучулары, мектеп директору, мугалимдер, социалдык педагогдор, ата-энелер жана айыл аксакалдары катышты.

Бул иш-чара Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын буйругуна ылайык, райондун бардык билим берүү уюмдарында ушул жылдын март айынан май айынын аягына чейин өткөрүлөт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up