Чүйдө «Милициянын жаш досу» облустук сынагы өтүп, анда Жайыл районунун окуучулары жеңди (сүрөт)

Чүйдө «Милициянын жаш досу» облустук сынагы өтүп, анда Жайыл районунун окуучулары жеңди (сүрөт)

Билим АКИpress - Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка №2 орто мектебинде «Милициянын жаш досу» сынагы болуп ѳттү. Сынакка Чүй облусунун бардык райондорунан топтолгон окуучулар катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чара Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан уюштурулган. Максаты — ѳспүрүмдѳр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, жаңы муунду туура жолго калыптанууга, убактысын бош кетирбей, пайдалуу нерсеге жумшоого, тактыкка, чынчылдыкка, айкѳлдүккѳ, калыстыкка чакыруу.

Аталган сынакта Чүй, Аламүдүн, Сокулук, Панфилов, Жайыл, Ысык-Ата, Кемин, Москва райондорунан, ошондой эле Токмок шаарынан 9 команда ат салышты. Сынак 7 тур менен ѳттү.

Алгач, командирлердин рапорту болду. 2-турда пропаганда боюнча таймаш өтүп, анда милициянын жаш жардамчылары үгүттѳѳ максатындагы музыкалык программа кѳрсѳтүштү. 3-турда юридикалык окутуу жаатындагы адам укуктары боюнча теориялык сынак орун алса, 4-турда дубал гезит жактоо, 5-турда «Капитандардын сынагы», 6-турда «Мыкты ыр» тапшырмасы болду. Ошондой эле 7-турда милициянын жаш жардамчылары ѳздѳрүнүн иш тажрыйбасы боюнча видеоролик кѳрсѳтүштү.

Сынактын жыйынтыгында баш байгени Жайыл районунан келген команда жеңип алды. Ал эми 2-орунду Токмок шаары, 3-орунду Чүй району камсыздашты. Жеңүүчүлѳргѳ кубок, диплом жана баалуу белектер берилди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up