Ак-Талаадагы Э.Мейманов мектебинин 344 окуучусу ысык тамак менен камсыз болгон (сүрөт, видео)

Ак-Талаадагы Э.Мейманов мектебинин 344 окуучусу ысык тамак менен камсыз болгон (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - Мектептеги тамактануунун эл аралык күнүнө карата Ак-Талаа районунун Э.Мейманов атындагы орто мектебинде «Мектеп окуучуларын тамактандыруу акыл-эске азык берет, жашоону өзгөртөт» деген темада сүрөт көргөзмөсү өттү. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Анара Нусупова билдирди.

Анын айтымында, аталган мектептин ашканасында 4 ашпозчу иштейт. «1-4-класстардын 344 окуучусу ысык тамак менен камсыз болгон. Тамактануунун рациону ар түрдүү, 1 айда 2 жолу эт менен ысык тамак, 3 жолу сүткө бышкан ботко, 1 жолу алма, жумуртка, салат жешет. Алма менен эт ата-энелердин демөөрчүлүгү менен берилет.

Балдардын тамактануусуна ата-энелер демөөрчүлүк кылышып, былтыркы окуу жылында 10 стол, 100 отургуч алынган. Быйылкы окуу жылында 65 чарчы метр жер кафелденип берилген.

Жыл сайын демөөрчүлөрдүн жардамы менен ашкананын идиш-аягы толукталып турат. Ден соолукка пайдалуу тамактануу менен билим алуу далалаты ойгонот, балдардын көңүлдөрү да куунак болуп, сергек жашоого багыт алат», - деди А.Нусупова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up