Кеминдеги мектепте Нооруз майрамы белгиленди (сүрөт, видео)

Кеминдеги мектепте Нооруз майрамы белгиленди (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - Кемин районунун Карал-Дөбө айылындагы С.Кудайбергенов атындагы орто мектебинде 16-мартта Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата «Салам сага, санжыралуу Ноорузум!» аттуу райондук иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган райондун билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Асылкүл Мурзалиева билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук маданияттын баалуулуктарын чагылдырган элдик каада-салттар окуучулардын жана мугалимдердин аткаруучулук чеберчилиги менен көрсөтүлүп, сахналаштырылган көрүнүштөр, ыр-бийлер болду. Ошондой эле улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү уюштурулуп, алардын жасалышы кеңири айтылды. Нооруз майрамынын жөрөлгөсү болгон Умай эненин арча менен аластап, берген батасы, сүмөлөк жана аны жасоо тарыхы келген коноктордун көңүлүн бурду.

Иш-чарага Кемин районунун жалпы мектептеринин директорлорунун тарбия иштери боюнча орун басарлары жана кыргыз тили, тарых мугалимдери катышты. Максаты — улуттук каада-салттарды жана тамак-аштарды унутта калтырбай, келечек муундарга жеткирүү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up