Москва районунда «Манас» университетинин өкүлдөрү окутуунун актуалдуу маселелерин көтөрүштү

Москва районунда «Манас» университетинин өкүлдөрү окутуунун актуалдуу маселелерин көтөрүштү

Билим АКИpress - Чүй облусунун Москва районундагы К.Сыйданов атындагы орто мектебинде Кыргыз-Түрк «Манас» университети «Окутуу жана тарбиялоонун актуалдуу маселелери» аттуу семинар өткөрдү. Иш-чарага аталган жогорку окуу жайдын педагогика кафедрасынын окутуучу-окумуштуулары, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, мектеп директорлору, соцпедагогдор, мугалимдер жана журналисттер катышты.

Семинардын максаты, окутуу-тарбиялоо процессиндеги актуалдуу маселелер жаатында коюлган милдет-талаптар тууралуу педагогика кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Акматали Алимбеков аймактык кабарчыга айтып берди.

Анын айтымында, түрдүү темаларды өзүнө камтыган мындай семинарлар өлкөнүн көптөгөн билим берүү мекемелеринде өткөрүлүп келет. «Учур сабагын жаратууда, анын негизги өзөгү, таянычы болгон тарбия-билим берүүдөгү инновациялык табылгаларды мугалимдерге, өзгөчө, элет мектептерине жеткирүүдө эң ыңгайлуу, сапаттуу, натыйжалуу жолдордун бири — семинар жана анын активдүү формалары. Андагы өзгөчөлүк жандуу пикир алмашуу, ой толгоолорду, көйгөйлөрдү жеринде угуу, суроо-жооптор менен талкуулоо, түшүнүктөрдү бекемдөө, тактап айтканда, педагогикалык кызматташтык, ишмердүүлүк ишке ашырылат.

Маалыматтык технологиялардын кубаттуулугу жана ар түрдүүлүгү артып турган тапта анын булактары жана жыштыгы күн санап өсүп барат. Албетте, бул жакшы көрүнүш. Бирок жандуу диалог куруу, тегерек столдогу баарлашуу, жүзмө-жүз пикир алышуу да өзүнүн теориялык-практикалык актуалдуулугун ачыктайт. Семинардын негизги милдеттеринин бири ушунда.

Биз мугалимдер менен окутуу-тарбиялоонун актуалдуу маселелери жөнүндө кеңири сөз кылдык. Албетте, кандайдыр бир маселени чечтик деген ойдон алыспыз. Анткени бул — көйгөйлүү тема. Адам өмүрүн, коомдук өнүгүүнү коштоп жүрөт. Ошондой болгон күндө да бул күнкү семинарда билим-тарбия берүүдөгү ойлорубузду мугалимдер кызыгуу менен кабыл алышты. Өзгөчө, окутуучу-окумуштууларыбыз: профессор Рүштү Йешил, доценттер Селахаттин Авшороглу, Хасан Йылмаз «Мугалимдин кесиптик этикасы», «Окуу-окутуу принциптеринин сабак процессинде чагылдырылышы» ж.б. темаларда семинар өтүштү. Ал эми Жылдыз Мамырованын кыргыз, орус, түрк тилдеринде эркин сүйлөп, котормочулукту эң мыкты өздөштүргөндүгү мугалимдерге көп тилдүү сабаттуулуктун үлгүсүн көрсөттү.

Семинар жөнүндө мектеп директорлору Ж.Мамадалиева, Э.Шаршенов жана мугалимдердин айткан жылуу пикирлери кызматташтыкты арттырууга дем берди», - деп айтып берди профессор А.Алимбеков.

Окуу-тарбиялоо процессинин актуалдуу маселелерин чечмелеген семинарда төмөндөгүдөй ой топтомдор түптөлдү:

- ЖОЖ менен мектептин байланышын чыңдоо;
- Айылдык мектептердеги көйгөйлүү маселелер;
- Мугалимдердин ортосундагы педагогикалык кызматташтыкты түзүү;
- Окуу-усулдук адабияттардын аздыгы;
- Ата-энелердин азыркы учурдагы жоопкерсиздиги;
- Эмгек акынын аздыгы;
- «Энелер мектебин» түзүүнүн коомдук зарылчылыгы;
- Кадр саясатындагы системалуулуктун жоктугу ж.б.

Семинардын соңунда А.Алимбеков катышуучуларга ыраазычылыгын билдирип, окуу жайдын атынан «Катышуу баракчасын» тапшырды. Ал эми райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Н.Умарова университеттин окутуучу-окумуштууларына райондук билим берүү бөлүмүнүн ыраазычылык катын тапшырды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up