Нарында окуучу кыздар арасында мыкты чач өрүү боюнча акциянын жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Нарында окуучу кыздар арасында мыкты чач өрүү боюнча акциянын жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы Э.Ибраев атындагы орто мектебинде 7-11-класстардын окуучу кыздары үчүн окууга чач өрүп келүү боюнча акция жарыяланган. Анын негизинде аталган мектептин окуучу кыздары 3 жума бою чачтарын ар кандай кылып өрүп келип жатышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анын маалыматы боюнча, акциянын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө сыйлоо баракчалары жана чакан белектер тапшырылды. Жалпы чач өрүү боюнча 1-орунду 9-«Б» классы, 2-орунду 8-«А» классы, 3-орунду 7-«Б» классынын окуучулары алышты. Ал эми 3 жума бою эң мыкты чач өрүп жүрүү боюнча 1-орунга Жазгүл Сыдыкова, 2-орунга Жанна Максатбекова жана 3-орунга Назми Эрмек кызы ээ болушту. Ошондой эле чачына дайыма кам көрүп жүргөн эң узун чачтуу кыздардан 1-орунду Нурпери Алымбек кызы, 2-орунду Бермет Керимбекова жана 3-орунду Жазгүл Курманбек кызы алышты.

Аталган акцияны кыздардын чачтарына дайыма кам көрүп, өзгөчө өрүп жүрүүсүнө шыктандыруу максатында аталган мектептин камкордук кеңешинин төрайымы Жылдыз Капарова уюштурган.

«Өзүңүздөр билгендей, 3 жума мурун дайыма чач өрүп жүрүү боюнча «Кыздын көркү — кырк өрүм чач» аталышындагы акциясын жарыялаганбыз. Сынак жүрүп жаткан учурда атайын жогорку класстарга кирип, текшерип жаттык. Кыздарыбыз чачтарын ар дайым тыкан кылып, өрүп жүрүүсүнө мотивация болсун деп ушул акцияны жарыялаганбыз. Бул акцияны шаардагы бардык окуу жайларда өткөрөлү деген оюбуз бар», - деди Ж.Капарова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up