Кочкордогу «Ата» бала бакчасында Нооруз майрамы белгиленди

Кочкордогу «Ата» бала бакчасында Нооруз майрамы белгиленди

Билим АКИpress - Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагындагы «Ата» бала бакчасында «Бар бол Нооруз» аттуу райондук семинар өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, аталган семинарга Кочкор районунун акиминин орун басары Элмира Садыкова, Кош-Дөбө айыл аймагынын башчысы Темирболот Абыкеев, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, райондогу бала бакчалардын жетекчилери катышты.

«Ата» бала бакчасында тарбияланган бөбөктөр Нооруз тууралуу ыр-бийлерди аткарышты. Семинарда баланы бешикке салуунун ырым-жырымдары, кыргыздын тамак-аштарынын түрлөрү көрсөтүлдү. Бөбөктөр кол күрөш, кыз куумай сыяктуу оюндарды көрсөтүштү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up