Өзгөндүк окуучулар республикалык «Жоокер ыры» сынагында Оштун намысын коргойт

Өзгөндүк окуучулар республикалык «Жоокер ыры» сынагында Оштун намысын коргойт

Билим АКИpress - Ош облусунда окуучулар арасында «Жоокер ыры» сынагы өттү. Ага облустун бардык райондорунун окуучулары катышты. Бул тууралуу Ош билим берүү институтунун инновациялык процесстерди уюштуруу кабинетинин башчысы Кенжебек Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында, сынактын максаты – балдарды мекенди коргоого, патриоттуулукка тарбиялоо, эл-жердин бүтүндүгүн көздүн карегиндей сактоого болгон сезимдерин ойготуу.

Сынактын жыйынтыгында Өзгөн районунун окуучулары 1-орунду, Ноокат районунун окуучулары 2-орунду жана Чоң-Алай районунун окуучулары 3-орунду ээлешти. Эми Өзгөн районунун командасы Ош облусунун атынан республикалык «Жоокер ыры» сынагына катышат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up