Бакай-Атадагы «Сүйүн апа» бала бакчасында буту баса элек баланын тушоосу кесилди (сүрөт)

Бакай-Атадагы «Сүйүн апа» бала бакчасында буту баса элек баланын тушоосу кесилди (сүрөт)

Билим АКИpress - Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылындагы «Сүйүн апа» балдар бакчасында «Балага багыт бергеним – бакыт бергеним» аттуу иш-чара менен биргеликте Нооруз майрамы белгиленди. Бул тууралуу аталган бала бакчанын жетекчиси Бейшекан Бейшебаева аймактык кабарчыга билдирди.

«Биздин бала бакча 2017-жылдын 1-ноябрында пайдаланууга берилген. Азыркы учурда 50 бала тарбияланып жатат. Биз майрам сайын иш-чара уюштуруп турабыз. Бүгүнкү күндө кичинекей бөбөктөр менен биргеликте Нооруз майрамын белгиледик. Келген конокторго концерттик программа тартууладык. Андан сырткары, тушоо кесүү салтын да көрсөтүп, буту баса элек баланын тушоосун кестик. Кичинекей баланын өмүрү узун болсун. Ал эми ар бир тарбиялануучуга атайын белектер жана таттуулар таратылып берилди.

Иш-чарадан кийин 3 багытта сабак өтүлдү. Жогорку тайпа менен кеп өстүрүү, ортоңку тайпа менен математика сабагы боюнча семинар өткөрүлдү», - дейт Б.Бейшебаева.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up