Кадамжайда башталгыч класстардын мугалимдери окутулду (сүрөт)

Кадамжайда башталгыч класстардын мугалимдери окутулду (сүрөт)

Билим АКИpress - Кадамжай районунда «Келгиле, окуйбуз!» долбоору боюнча семинар болуп өттү. Бул тууралуу аталган райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

18-март күнү Айдаркен шаарындагы №20 О.Маканов атындагы орто мектебинде өткөн семинарга аталган долбоордун Баткен облусу боюнча координатору О.Эркебаев жана Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.Гайбуллаев жана жетектөөчү адиси Г.Муратова катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулардын окуу көндүмдөрүн өркүндөтүү менен сабакка болгон кызыгуусун арттыруу боюнча сабак өтүүнүн жаңы ыкмасын үйрөнүү жана тажрыйба алмашуу максатында Айдаркендеги башталгыч класстардын мугалимдери окутулду. Алар башталгыч класстардын окуучуларына ачык сабактарды өтүштү.

Семинардын алкагында кол өнөрчүлүк көргөзмөсү да уюштурулду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up