Ысык-Көлдөгү Х.Карасаев лицейинде Нооруздун символу — сүмөлөк даярдалды (сүрөт)

Ысык-Көлдөгү Х.Карасаев лицейинде Нооруздун символу — сүмөлөк даярдалды (сүрөт)

Билим АКИpress - Каракол шаарындагы Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинде Нооруз майрамы белгиленди. Бул тууралуу аталган лицейдин мугалими Адилет Тентиев билдирди.

Анын маалыматы боюнча, майрамдын урматына сүмөлөк бышырылды. Сыйлуу коноктордун катарын өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Валентиновна, Каракол шаарынын вице-мэри Гүлназ Жеңишовна, Ысык-Көл облустук телерадиокомпаниясынын директору Чолпон Кабылбековна, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин проректору Кадырбек Жанузакович, Каракол шаарынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Мукамбек Деркенбаевич жана бир катар журналисттер толукташты.

Келген коноктор сүмөлөктүн ачылышына катышып, лицей жамаатына, окуучуларына ийгиликтерди каалап, батасын беришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up