Нарындагы университетте Нооруз майрамы белгиленди (сүрөт)

Нарындагы университетте Нооруз майрамы белгиленди (сүрөт)

Билим АКИpress - 20-мартта Нарын мамлекеттик университетинин экономика, бизнес жана башкаруу факультетинде Нооруз майрамына карата «Улустун улуу күнү — Нооруз» аттуу иш-чара өткөрүлдү.

Факультеттин окутуучулары менен студенттери келген конокторго майрамдык маанай тартуулап, сармерден оюнун өткөрүштү. Сармерден оюну ыр-бий, кыргыз элинин каада-салты, улуттук оюндары, макал-лакаптар, жаңылмачтар, табышмактар менен коштолду. Ошондой эле улуттук тамак-аштардын жармаңкеси да уюштурулду. Сармерден оюнунун аягында факультеттер жана колледждер арасында «Эстен кеткис эски ырлар» атуу таймаш өтүп, ага активдүү катышкандарга белектер берилди.

Кийинки эстафетаны Нарын педагогикалык колледжи өткөрүп алды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up