Жумгалдагы мектептерде «Энелер мектеби» долбоору ишин улантууда (сүрөт)

Жумгалдагы мектептерде «Энелер мектеби» долбоору ишин улантууда (сүрөт)

Билим АКИpress - Жумгал районунун Баш-Кууганды айылындагы Ш.Садыбакасов атындагы орто мектебинде «Энелер мектеби» боюнча семинар өттү.

Иш-чаранын максаты — окуучуларды адептүүлүккө, ыймандуулукка тарбиялоо, билим сапатын жогорулатуу, балдардын үй-бүлөдөгү тарбиясына эрте жаштан баштап көңүл буруу.

Семинардын алкагында окуучуларга ачык сабактар өтүлүп, аларга ата-энелер менен биргеликте Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы А.Сапаров катышты. Ошондой эле жалпы семинарга район аймагындагы мектеп директорлору, уюштуруучулар, социалдык педагогдор да күбө болушту.

Мындай семинарларды эми райондогу 23 мектепте өткөрүү пландалууда.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up