Сүрөт — Кыргызстандын мектептерине 110 миңден ашуун китептер тапшырылды

Сүрөт — Кыргызстандын мектептерине 110 миңден ашуун китептер тапшырылды

Билим АКИpress - 19-мартта АКШ өкмөтү АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу Кыргызстандагы 900 мектепке 110 миң 257 китеп тапшырды.

Бул китептердин арасында 32 түрдүү кыргыз жана орус тилиндеги жомоктор, аңгемелер, ырлар жана математикалык ой жүгүртүүгө багытталган китептер бар. Китептердин баары USAIDдин «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун алкагында басып чыгарылган.

Китеп тапшыруу аземине билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева жана Кыргызстандагы USAID өкүлчүлүгүнүн директору Гэри Линден катышты.

«Бул китептер балдарды китеп окууну сүйүүгө, окуу адаттарын өрчүтүүгө жана ошондой эле жалпы окуу көндүмдөрүн өркүндөтүүгө түрткү беришине ишенебиз», - деди Гэри Линден.

Бул китептер Кыргызстанда эң биринчи татаалдыгы боюнча классификацияланган китептер болуп саналат. Алар атайын электрондук классификация куралынын жардамы менен бааланып, татаалдык деңгээлдери аныкталган. Бул мугалимдерге, ата-энелерге жана китепканачыларга балдардын жаш курагына жана окуу деңгээлине ылайыктуу окуу материалдарын тандоого жардам берет.

«Министрлик тарабынан бекитилген жумушчу тобу балдар адабияттары менен жаңы тексттерге баалоо жүргүзүп, китептердин окумдуулук деңгээлин аныкташып, аларды басып чыгарууга сунуш кылып жатышат», - деп белгилеп кетти билим берүү министри.

Г.Кудайбердиеванын айтымында, бул китептер мектеп китепканаларында сапаттуу китептерин көбөйтүүгө чоң салым кошту. Алар USAIDдин «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун алкагында бериле турган китептердин биринчи бөлүгү. Жалпысынан USAID 2020-жылга чейин 1,2 млн китеп тапшырууну көздөйт.

«Келгиле, окуйбуз!» долбоору өзүнүн ишин Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташтыкта алып барат. Долбоордун эң негизги максаты — өлкө боюнча башталгыч класстардын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн өркүндөтүү.

2014-жылдан бери USAID 17,5 миңден ашуун башталгыч класстардын мугалимдерин китеп окууну үйрөтүүнүн жаңы ыкмалары боюнча машыктырып келет. Натыйжада бул долбоордун иш-аракеттерине өлкө боюнча 450 миң окуучу камтылган. Бул 4 жылдык долбоордун жалпы бюджети 9,9 миллион АКШ долларын түзөт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up