Канттагы айрым ата-энелер бала бакчага видеокөзөмөл орнотууга каршы. Эмне үчүн?

Канттагы айрым ата-энелер бала бакчага видеокөзөмөл орнотууга каршы. Эмне үчүн?

Билим АКИpress - Кант шаарындагы №29 «Родничок» бала бакчасынын айрым тарбиялануучуларынын ата-энелери мекемеге видеокөзөмөл орнотууга каршы чыгышууда.

АКИpress агенттигинде 18-мартта өткөн маалымат жыйында ата-энелердин демилгечи тобунун өкүлү, адвокат Виктория Покровская билдиргендей, 28-январда №29 бала бакчага ата-энелерге билдирбестен видеокамераларды орнотушкан. Андагы жаздыруулар Интернетке түшөт.

Анын айтымында, азыркы учурда бала бакчада 300 бала тарбияланат, ар бир тайпада 40-45 бала бар.

«Бала бакчага камераларды коюп, жаздырууларды онлайн түрүндө көргөн сайттын ээлери, жеке компаниянын өкүлдөрү маалымат жалпыга жеткиликтүү эмес экенин айтып жатышат. Бирок Интернетке тараган кичинекей балдардын видеожаздыруулары ата-энелердин макулдугусуз каралбайт, көчүрүлбөйт деген кепилдик жок», - деди ал.

Камералар балдар тарбияланып, тамактанып, уктаган бөлмөлөрдө орнотулган.

«Биз видеокөзөмөл коюуга каршыбыз, анткени экрандын ары жагынан ким карап турганы белгисиз. Бул биздин балдардын психологиялык абалына кандай таасир берет? Биз тайпалардан камераларды алып, аларды дарбазанын алдына, тепкичтерге, коопсуздук маселелери жаралган жерлерге орнотуу керек деп эсептейбиз», - деп түшүндүрдү В.Покровская. Ал онлайн режиминде тайпадагы балдарын карагысы келген ата-энелер айына 195 сомдон төлөп, сайтка кирүүгө мүмкүнчүлүк алышы керектигин кошумчалады.

Курамына 40 адам кирген демилгелүү топ бала бакчанын тайпаларына орнотулган камераларды алууну талап кылууда. Андан сырткары, ата-энелер Башкы прокуратура менен Билим берүү жана илим министрлигине бул маселени карап берүү арызы менен кайрылышкан.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up