Кең-Булуң айылындагы окуучулар ар улуттун каада-салттарын көрсөтүштү (сүрөт)

Кең-Булуң айылындагы окуучулар ар улуттун каада-салттарын көрсөтүштү (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кең-Булуң айылындагы О.Лайлиев атындагы орто мектебинде Нооруз майрамы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Анын маалыматына караганда, кѳп улуттуу калк жашаган аталган айылдын мектебиндеги майрамдык иш-чараны мугалимдер жана окуучулар даярдаган.

Майрамдык иш-чарага айылдык кеңештин депутаттары, ата-энелер, Чүй облустук, Ысык-Ата райондук билим берүү бѳлүмүнүн ѳкүлдѳрү чакырылган. Күн менен түн теңелген бул улуу майрамда окуучулар кыргыз элинин, ошондой эле уйгур, дунган, орус жана башка элдердин каада-салттарын кѳрсѳтүштү. Боз үй тигилип, дасторконго ар улуттун даамдары, жалпысынан 40 тамактын түрү коюлган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up