Канттагы №2 мектепте тушоо кесүү, келин алуу салттары көрсөтүлдү (сүрөт)

Канттагы №2 мектепте тушоо кесүү, келин алуу салттары көрсөтүлдү (сүрөт)

Билим АКИpress - Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарынын №2 К.Рыскулова атындагы мектеп-гимназиясында Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чаралар ѳткѳрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин директору Чынара Кемелова билдирди.

Анын айтымында, 10-«А» класстын жетекчиси Элмира Самбаева ѳзүнүн Алымбек аттуу небересин алып келип, тушоо кесүү салты көрсөтүлдү. «Андан сырткары, Нооруз жѳнүндѳ ырлар ырдалып, бийлер аткарылды. 6-«А» класстын жетекчиси Аптап Рахманкулова келин алуу салтын кѳрсѳтүп берсе, 2-класстын жетекчиси Гүлнара Султаналиева 25 окуучусун «Манас» эпосунан үзүндү айттырып, ата-энелери менен чогуу ырдап-бийлешти», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up