Нарындагы Токтогул мектебинин окуучулары облустук «Милициянын жаш жардамчысы» сынагын жеңди

Нарындагы Токтогул мектебинин окуучулары облустук «Милициянын жаш жардамчысы» сынагын жеңди

Билим АКИpress - Нарын шаарында Нарын ОИИБ тарабынан «Милициянын жаш жардамчылары» облустук сынагы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, сынакка облус аймагынан келген өспүрүмдөрдөн куралган командалар катышты. Иш-чаранын максаты — ѳспүрүмдѳр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, жаңы муунду туура жолго калыптанууга, убактысын бош кетирбей, пайдалуу жумшоого, тактыкка, чынчылдыкка, айкѳлдүккѳ, калыстыкка чакыруу.

Жыйынтыгында Нарын шаарындагы №1 Токтогул атындагы орто мектебинин «Патруль» командасы жеңүүчү болду.

Катышуучулар сынактын жүрүшүндө үгүттѳѳ максатындагы музыкалык программа көрсөтүшүп, «Юридикалык окутуу жаатындагы адам укуктары боюнча теориялык сынак», «Дубал гезит жактоо», «Капитандардын сынагы», «Мыкты ыр» тапшырмаларын аткарышты. Ошондой эле ѳздѳрүнүн иш тажрыйбасы боюнча видеоролик кѳрсѳтүштү.

Жеңүүчүлөргө облустук ички иштер башкармалыгынын кубогу жана 1-даражадагы диплом тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up