Ысык-Атада мектеп президенттеринин саммити болду (сүрөт)

Ысык-Атада мектеп президенттеринин саммити болду (сүрөт)

Билим АКИpress - Ысык-Ата районундагы 42 мектептин президенттери жана премьер-министрлери үчүн «IDEA» өкмөттүк эмес уюму саммит уюштурду.

Иш-чаранын негизги максатты – жаштардын жана өспүрүмдөрдүн, коомчулуктун өнүгүүсүнө бирдей катышуу үчүн потенциалын жогорулатуу жана диалогдорду түзүү.

Саммит «Балдарга жана жаштарга жагымдуу Кыргызстан» долбоорунун алкагында алгачкы жолу уюштурулду. Анда окуучулар мектептеги негизги көйгөйлөр боюнча презентация даярдап, чечүү жолдорун издөө менен алек болушту.

Саммиттин жыйынтыгында бардык мектеп президенттерине сертификаттар тапшырылды. Райондун мыкты президенти деп Новопокровка №1 орто мектебинин президенти табылды.

Андан сырткары, иш-чаранын алкагында Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы, райондук билим берүү бөлүмү жана мектеп президенттери менен меморандум түзүлдү. Президенттер мектеп парламенттеринин иши тууралуу маалымат берип, маселелерди жана аларды чечүү жолдорун талкуулашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up