Нарын университетинин 58 окутуучусу чет өлкөлөргө барып, тажрыйба алмашып келишкен

Нарын университетинин 58 окутуучусу чет өлкөлөргө барып, тажрыйба алмашып келишкен

Билим АКИpress - С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде акыркы 5 жылда эл аралык байланыштардын алкагында чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардан тажрыйба алып келген окутуучулардын саны өсүүдө. Акыркы 5 жылда 58 окутуучу чет өлкөгө барып, тажрыйба алмашып келишкен.

Ошондой эле студенттер да республикалык деӊгээлдеги сынак, дебат, мелдештерге активдүү катышат. Мисалы, 2017-жылы 3 студент президенттин стипендиясына татыктуу болушса, 1 студент эл аралык деӊгээлде англис тилинде өткөрүлгөн дебаттын жеӊүүчүсү болгон.

2016-жылы студенттердин демилгелүү тобу иштеп чыккан долбоорду Кыргызстандагы Германиянын элчилиги колдоп, университеттин башкы имаратынын алдыӊкы кабатында «Культуркафе» аттуу тамактануучу-эс алуучу жай ачылды. Учурда ал жайды студенттер социалдык ишкердиктин негизинде иштетип жатышат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up