Улуттук илимдер академиясында Нооруз майрамы белгиленди (сүрөт)

Улуттук илимдер академиясында Нооруз майрамы белгиленди (сүрөт)

Билим АКИpress - Кыргыз Улуттук илимдер академиясында Нооруз майрамы белгиленди. Бул тууралуу УИАнын басма сөз кызматы маалымдады.

Майрамдык салтанатты УИАнын жалпы жамааты уюштуруп, илимий-изилдөө институттарында эмгектенгендер өнөрлөрүн тартуулап, өз ара таймашышты. Майрамдык иш-чара алас айтуу менен башталып, андан соң УИАнын президенти, академик Мурат Жуматаев Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Нооруз майрамыңыздар менен, УИАнын жалпы жамааты жана келген коноктор! Жаңы жылда жаңы илимий максаттарды коюп, ал максаттар ишке ашсын. Ынтымакта бололу, жакшылыктар мол болсун! Академиянын илимий салтын мындан ары да улантуучу жаштарыбыз көп болсун, баарыңыздарга ийгилик каалайм!», - деди ал.

Майрамдык кечеге келген конокторго кыргыздын улуттук тамак-аштары сунулду. Өнөрлөрүн тартуулаган кызматкерлерге уюштуруучулар тарабынан белектер тартууланды. Ошондой эле кыргыздын улуттук оюндары ойнотулду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up