Кош-Дөбө айылындагы мектепте Нооруз майрамы белгиленди (сүрөт)

Кош-Дөбө айылындагы мектепте Нооруз майрамы белгиленди (сүрөт)

Билим АКИpress - Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылындагы Э.Мейманов атындагы орто мектебинде Нооруз майрамына карата иш-чаралар өттү. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Анара Нусупова билдирди.

Анын айтымында, 11-класстын окуучулары Ноорузга арналган ыр-бийлерди аткарышып, кыргыздын улуттук оюндарын көрсөтүп беришти. Тарбиялык сааттар да өтүлүп, окуучуларга Нооруз майрамынын келип чыгышы, улуттук тамак-аштар жөнүндө түшүнүк берилди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up