Кочкордогу окуучулар Нооруз майрамын белгилешти (сүрөт)

Кочкордогу окуучулар Нооруз майрамын белгилешти (сүрөт)

Билим АКИpress - Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагындагы Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинде «Нооруз – салттуу майрам» аталышындагы иш-чара өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Иш-чараны аталган мектептеги 4-класстын жетекчиси Сайкал Шаршеналиева окуучулары менен бирдикте уюштурган. Алар байыртадан Нооруз майрамынын кандай белгилене тургандыгын сахналаштырып көрсөтүп беришти.

Ушундай эле иш-чара Кочкордун Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясында да өттү. 6-класстын окуучулары кыргыздын улуттук кийимдерин кийип, улуттук каада-салттарды көрсөтүп, ыр-бийлерди аткарып беришти. Ошону менен бирге «Ак Мөөр» баянын сахналаштырышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up