Таластын Жон-Арык айылындагы мектептин мугалимдери сүмөлөк жасап, элге таратышты (сүрөт)

Таластын Жон-Арык айылындагы мектептин мугалимдери сүмөлөк жасап, элге таратышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Талас районуна караштуу Жон-Арык айылындагы А.Нуржанов атындагы орто мектебинин мугалимдери сүмөлөк жасап, айыл элине кыргыздын улуттук оюндарын көрсөтүштү. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Нуриза Качкеева билдирди.

Анын маалыматына караганда, мектепте жалпы 45 мугалим эмгектенет. «Баарыбыз биргеликте Нооруз майрамына карата иш-чарага даярдык көрдүк. 14 күн буудайды өндүрүп, 1 түн сүмөлөк кайнаттык. Айыл элин чакырып, жалпы 100гө жакын адамга сүмөлөк тараттык. Кыргыздын унутта калып бара жаткан каада-салт, оюндарын көрсөттүк. Андан сырткары, эңиш, тогуз коргоол, чака чапмай, кан таламай, олопой, күрөш, аркан тартыш оюндары болду. Сүмөлөктүн, Нооруздун тарыхын чагылдырып сценка койдук. 6 бакан тигилип, кыз-жигит оюну болду», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up