Көпүрө-Базар айылындагы мектептин бүтүрүүчүлөрү сүмөлөк бышырып, элден бата алышты (сүрөт)

Көпүрө-Базар айылындагы мектептин бүтүрүүчүлөрү сүмөлөк бышырып, элден бата алышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылынын Р.Айдаралиев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү 20-мартта сүмөлөк бышырып, элеттиктерден бата алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга бүтүрүүчү класстын жетекчиси Жазмира Давлеталиева билдирди.

«Биздин максатыбыз – кыргыздын улуттук каада-салтын, тамак-ашын муундан муунга өткөрүп берүү. Сүмөлөк жасалып, анын ачуу аземине район акими Замир Бейшенов өзү катышты. Ал өз батасын берип, сүмөлөк ооз тийип, салтанатты ачып берди», - дейт Ж.Давлеталиева.

«Класс жетекчибиз Жазмира эжебиздин демилгеси жана ата-энелерин колдоосу менен биз айыл тургундарына сүмөлөктү тартууладык. Элдин батасын алдык. Сүмөлөк бышканча түнү менен айыл тургундары улуттук оюндарды ойнодук. Мисалы, топ таш, кан таламай, ак чөлмөк оюндарын ойноп, жакшы кечти өткөрдүк», - дешти бүтүрүүчү класстын окуучулары.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up