Оштогу жаш мугалимдер Нооруз күнү талантын элге тартуулашты (сүрөт)

Оштогу жаш мугалимдер Нооруз күнү талантын элге тартуулашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Ош шаарындагы жаш мугалимдер арасында Нооруз майрамына карата сармерден оюну өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын окуу-усулдук канаасынын башчысы, аталган иш-чаранын уюштуруучусу Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

Ош шаарынын борбордук аянтында өткөн бул иш-чара шаардагы чыгармачыл жаш мугалимдердин башын бириктирүү, улуттар аралык достукту бекемдөө, салтты даңазалоо жана аларга шык берүү максатында «Мээрим» балдар билим борборунун кызматкерлери менен биргеликте уюштурулган.

Т.Досмуратовдун пикири боюнча, бул салт элибизде «Кыз-жигиттин сармерден» деп аталгандыктан, чыныгы жаштардын оюну болууга тийиш. Ал мындай саамалык бир гана кыргыз улутундагылардын эмес, бардык улуттагы жаштардын башын бириктирүүгө багыт алышы керек деп эсептейт.

«Шаарыбыздагы билим берүү мекемелерине азыркы учурда жаш, чыгармачыл мугалимдер көп келе баштады. Мына, ушул жигердүү мугалимдерибиздин башын бириктирүү, Нооруз майрамын белгилөө аркылуу түрдүү улуттагы кесиптештерибизди, жалпы эле жаштарды достукка үндөө негизги максатыбыз болду», - дейт Т.Досмуратов.

Кыргыз, өзбек, орус, татар жана башка улуттагы жаш мугалимдер катышкан сармерден оюну элибиздин чыныгы жаңы жылын даңазалаган ыр-бийлер, көркөм окуулар, жаңылмачтар жана достукка үндөгөн ураан-чакырыктар менен коштолду. Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыздын улуттук оюндары да көрсөтүлдү.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов баш болгон жетекчилер да сармерденге күбө болуп, алкыш айтышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up