Сокулуктагы С.Абдылдаев мектебинин окуучулары сүмөлөк бышырганды үйрөнүштү (сүрөт, видео)

Сокулуктагы С.Абдылдаев мектебинин окуучулары сүмөлөк бышырганды үйрөнүштү (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - Сокулук районунун Кызыл-Туу айылындагы С.Абдылдаев атындагы орто мектебинин окуучуларына Салттуу билимди жайылтуу окуу борбору сүмөлөк жасоонун ыкмасын үйрөтүп, көрсөтүп беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Динара Сарбашева билдирди.

«Бизде жыл сайын Нооруз майрамы өзгөчө, шаңдуу өтөт. Быйыл театралдаштырылган оюн-зоок көрсөтүлүп, мугалимдер менен окуучулар улуттук кийим кийип, чакан концерттик программа коюшту. Умай эне аластап, Баба дыйкан, Кыдыр ата өздөрүнүн ырым-жырымдарын жасап, тилектерин айтышты.

Бизде салттуу билимди жайылтуу боюнча окуу борбору ачылган. Алар Ноорузга карата окуучуларга сүмөлөктү кантип кайнатуу керектигин жана көжөнү кантип жасаш керектигин айтып, көрсөтүп беришти.

«Аманат өмүр» коомдук фондунун жетекчиси Жанар Алгожоева өндүрүлгөн буудайын ала келип, кыздарга өз колу менен жасатып, практикалык сабак өттү. Эртеси жасалган сүмөлөктөн ооз тийип, келген коноктор көжөдөн жеп, даам сызып кетишти. Алгач 7 токоч бышырып, куран окуп, ошол майга сүмөлөктү жасадык. Андан соң казанга дагы 7 нан жасап, балдардын баарына таратып, ага көжө астык», - деп айтып берди ал.

Аталган мектепте майрамга карата улуттук оюндар ойнотулуп, ата-энелер дагы конокко чакырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up