Нарындагы «Наристе-Нур» бала бакчасында Нооруз майрамы белгиленди

Нарындагы «Наристе-Нур» бала бакчасында Нооруз майрамы белгиленди

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы «Наристе-Нур» бала бакчасында Нооруз майрамы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган бала бакчанын жетекчиси Гүлмира Чымырбаева билдирди.

Иш-чаранын максаты — балдарга улуттук каада-салттарды, үрп-адаттардын баалуулуктарын таанытуу.

«Майрамдык кечеде чач алдыруу салты балдарга көрсөтүлдү. Ошондой эле сүмөлөк жасалып, балдар ооз тийишти. Умай эне арча түтөтүп, жаңы жылга тилектерин айтты. Майрам балдардын ыр-бийлери жана кызыктуу оюндары менен коштолуп, бул күнү бала бакча майрамдык шаңга бөлөндү», - деди Г.Чымырбаева.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up