Аравандагы мектептер Ноорузга карата улуттук тамак-аштар көргөзмөсүн уюштурушту

Аравандагы мектептер Ноорузга карата улуттук тамак-аштар көргөзмөсүн уюштурушту

Билим АКИpress - Араван районунун Гүлбаар, Т.Исмаилов, А.Кадыров атындагы орто мектептери райондун борбордук аянтында «Нооруз-2019» аталышында улуттук тамак-аштар көргөзмөсүн уюштурушту.

Араван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы К.Айтибаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Ахматалиев, райондук профсоюз комитетинин төрагасы Б.Турдубаев жана айыл аймактардын башчыларынан турган калыстар тобу улуттук тамак-аштар көргөзмөсүн карап чыгып, жеңүүчүлөрдү аныктады.

Жыйынтыгында калыстардын чечими менен Керме-Тоо айыл аймагында жайгашкан Гүлбаар орто мектеби 1-орунду алып, жеңүүчү деп табылды. Ал эми 2-орунду Т.Исмаилов жана А.Кадыров атындагы орто мектептери ээлешти. Б.Турдубаев иш-чарага активдүү катышкан мектептерге акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up