Ак-Суунун Ак-Чий айылында «Ата-энелер мектеби» активдүү иш алып барууда (сүрөт)

Ак-Суунун Ак-Чий айылында «Ата-энелер мектеби» активдүү иш алып барууда (сүрөт)

Билим АКИpress - Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл аймагындагы Качыбек атындагы орто мектебинде «Ата-энелер» мектеби түзүлүп, иш алып барууда. Бул тууралуу аталган мектептин директору Данияр Аманкалиев билдирди.

Анын маалыматы боюнча, «Ата-энелер мектеби» 72 саатка түзүлгөн, 2 аптада 1 жолу ата-энелер үчүн педагогика, балдардын психологиясы боюнча атайын сабактар өтүлөт. «Улуттук каада-салттарды жандандыруу, аны окуучуларга үйрөтүү максатында 35 ата-эне өз ара топ түзүп, мугалимдер менен биргеликте сабактарды өтүп жатышат. Ата-энелер мектебинин балдарды тарбиялоого милдеттүү экенин ачып көрсөтүү пландын негизги бөлүгүн түзөт. Ата-энелер мектепке келип, балдарынын, неберелеринин ачык сабактарына катышуу менен өздөрүнө керектүү маалыматтарды алышат», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up