Кыргызстанда жаңы окуу жылында дагы 200 мектептеги окуучулар ысык тамак менен камсыз болот

Кыргызстанда жаңы окуу жылында дагы 200 мектептеги окуучулар ысык тамак менен камсыз болот

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министрлиги эл аралык «Мерсико» уюмунун колдоосу менен 2019-2020-окуу жылынын башында Кыргызстандагы 200 мектептин окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Азыркы учурда бул мектептердин ашканалары оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат.

Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында 1 айдын ичинде тренингдер өткөрүлүп, ага облустук мамлекеттик администрациянын, райадминистрациянын өкүлдөрү, айыл аймактардын башчылары, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн мектептик тамак-аш боюнча адистери, мектептеги тамак-ашка жооптуу кызматкерлер катышкан болчу. Семинардын катышуучуларына мектептеги тамактануу жайларында, ашканаларда кандай шарттар болушу керектиги, ашканаларды жакшыртуу үчүн кандай иштер аткарылышы керектиги тууралуу айтып беришкен.

Министрлик алдыда ашпозчуларды окутууну пландоодо.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up