Ленин районундагы мектептер арасында «Мугалим болуу — тилегим» сынагы өттү (сүрөт)

Ленин районундагы мектептер арасында «Мугалим болуу — тилегим» сынагы өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Бишкек шаарындагы №55 орто мектебинде Ленин районундагы мектеп окуучулары арасында «Мугалим болуу — тилегим» аттуу райондук сынак болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы маалымдады.

Сынактын максаты — мугалимдердин беделин көтөрүү, окуучуларды мугалимдик кесипке тартуу.

Сынак 2 баскыч менен өттү. 1-баскычында катышуучулар «Мугалим болуу — тилегим» деген темада эссе жазышты. 2-баскычында окуучулар календардык план боюнча тандалып алынган теманын негизинде кыргыз тили жана адабияты сабагын өтүп, сабакка анализ жасап, мугалимдик кесипке байланыштуу атайын даярдалган суроолорго жооп беришти.

Сынактын катышуучуларынын даярдыгын баалап, жыйынтык чыгаруу үчүн атайын калыстар тобу түзүлгөн.

Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер арасындагы жеңүүчүлөр:

- 1-орун — №96 орто мектеби;
- 2-орун — №77 орто мектеби,
- 3-орун №42, №79 орто мектептери.

Ал эми окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер арасында:

- 1-орун — №58 орто мектеби;
- 2-орун — №44 орто мектеби,
- 3-орун — №59 орто мектеби.

Сынакка Билим берүү жана илим министрлигинин, КР президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү катышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up