Баткенде жаш мугалимдердин кесиптик чеберчиликтери жогорулатылды (сүрөт)

Баткенде жаш мугалимдердин кесиптик чеберчиликтери жогорулатылды (сүрөт)

Билим АКИpress - Баткен шаардык билим берүү башкармалыгынын алдындагы жаш мугалимдер мектеби тарабынан жаш мугалимдер үчүн окутуу семинары өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин жетекчиси Фуркат Авлиёев билдирди.

Анын маалыматы боюнча, иш-чара жаш мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү, аларга методикалык жардам көрсөтүү максатында А.Имаров атындагы орто мектебинде өттү.

Семинарга Баткен шаарындагы мектептерден келген жаш мугалимдер катышты. Алар предметтери боюнча ачык сабактарды, класстык тарбиялык саттарды өтүп, өз чыгармачылык дараметин көрсөтүштү.

Иш-чарада шаардык билим берүү кызматкерлеринин профсоюз уюумунун башчысы Мактым Калыкова «Мугалимдин милдети жана укуктары» жөнүндө, Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Чыныгүл Кимсанова «Кайтарым байланыш» боюнча, Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин мугалими, «Келгиле, окуйбуз»! долбоорунун тренери Кымызай Дыйканова «Окуп-түшүнүү» темасында тренингдерди өтүп беришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up