Балыкчыдагы №4 гимназияда «Жашоо керемет!» аттуу иш-чара өттү (сүрөт)

Балыкчыдагы №4 гимназияда «Жашоо керемет!» аттуу  иш-чара өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Балыкчы шаарындагы №4 гимназия-мектебинде окуучулар арасында суициддин алдын алуу боюнча «Жашоо керемет!» аттуу ачык сабак өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сабактын максаты — окуучуларга жашоонун баалуулуктарын түшүндүрүү, жашоодогу маанилүү нерселер көп экенин жеткирүү.

Иш-чарага шаардын имам-хатиби Мусакожо Кыпчагалиев, ШИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмчөсүнүн ага тескөөчүсү Элмира Касмалиева жана инспектору Гүлзат Исакунова катышты. Ачык сабакта окуучулар «Бакыт», «Жашоо», «Өмүр» деген 3 топко бөлүнүп, алгач командаларынын аталыштарын чечмелеп беришти. Ошондой эле окуучулар өз өмүрүнө кол салуу себептерин, өз жанын кыя турган адам кандай болорун, мындай абалдан чыуу үчүн кандай жардам берүү керектигин, кимдерге кайрылуу зарылдыгын айтышты.

Иш-чараны уюштурган математика мугалими Чолпон Өзүбекова суицид тууралуу маалымат берип, окуучуларды максатка жетүүгө, ак жолдон адашпоого, алдыга умтулуп, акылдуулук менен чечим чыгарууга, сабырдуу болууга чакырды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up