Түптүн Чоң-Таш айылындагы мектепте «Келгиле, окуйбуз!» долбоору талкууланды (сүрөт)

Билим АКИpress - Түп районунун Чоң-Таш айылындагы Б.Королиев атындагы орто мектебинде «Келгиле, окуйбуз!» долбоору боюнча семинар өтүп, ага райондогу мектептердин аталган долбоорго тиешелүү мугалимдери катышты.

Семинардын максаты — текст менен иштөөдө калыптандыруучу баалоону колдонуу.

Иш-чарада мектептин директору Ж.Жумабекова презентация жасады. Класс жетекчи М.Исаева 1-класска алиппеден «Төрт мезгил ыры», У.Кубатбекова 3-класска адабий окуудан «Үзүлбөгөн гүлдөр» аттуу тарбиялык сааттарды өтүштү. Ошондой эле Г.Табалдиева 2-класска «Бар бол, Нооруз!» аталышындагы адабий кечесин өткөрсө, А.Иманкулова 4-класстын окуучулары арасында «Манас дүйнөсүнө саякат» деген темада таймаш сабагын өттү.

Иш-чара долбоордун катышуучуларынын талкуулары менен жыйынтыкталды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up