Биринчи май районундагы №1 бала бакчада Нооруз майрамы белгиленди (сүрөт)

Биринчи май районундагы №1 бала бакчада Нооруз майрамы белгиленди (сүрөт)

Билим АКИpress - Биринчи май районундагы №1 бала бакчада «Кел, Ноорузум!» аттуу майрамдык иш-чара ѳткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара Умай эненин аластоосу менен башталып, улуттук оюндар жана ыр-бийлер менен коштолду. Жаш тарбиялануучулар тарабынан улуттук «Тушоо кесүү» каада-салты көрсөтүлдү.

Ошондой эле Биринчи май районунун бардык мектептеринде жана бала бакчаларында Нооруз майрамына карата улуттук каада-салттарды, ырым-жырымдарды камтыган иш-чаралар өткөрүлдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up